Бул Дүйнө歌词

Жарыкчылык өмүргө кимдер келип-кетпеген,
Жаркыраган ааламга кимдер таазим этпеген.
Тагдыр жолу - татаал жол, бирөөлөргө кепкенен,
А бирөөгө азап менен арман-муңун чектеген,
Туңгуюкка кептеген.
Жаралганда дүйнөгө жаңжал салып ыйламай,
Ал-кубатка келгиче ата-энени кыйнамай.
Эрезеге жеткенде эл мүдөөсүн сыйлабай,
Жаман адат күтөбүз – көр оокатты жыйнамай,
Кара жанды кыйнамай.
Бул дүйнөнүн байлыгын жалгыз ээлеп алчу бар,
Мансап үчүн эл-журтун курмандыкка чалчу бар.
Адамзаттын ушулар убалына калчулар,
Арабызда болбосунчу адамдыкты танчулар,
Акыр заман салчулар.
Максат менен чырмайлы, ызат-сыйга чулгайлы,
Өмүрлөрдүн чак түшү алтын жаштык турбайбы.
Каран калсын көр оокат, алды, аркасын ылгайлы
Эл-журт болсо, биз болобуз, эл мүдөөсүн сыйлайлы,
Эркин эркин дуйно турбайбы.
Өткөн өмүр – качкан куш, канаттары дилдиреп,
Гүл жайнаган бакчаңды күлүк мезгил бүлдүрөт.
Жан дил менен барктайлы жаш күндөрдү үлбүрөк,
Тагдырларга бөлүнгөн өмүр канча ким билет,
Бакыт канча ким билет.
Кырчын жаштын кадырын кыярганда билерсиң,
Кызыл өңдүн кадырын кубарганда билерсиң.
Бар байлыктын кадырын чачылганда билерсиң,
Бак-таалайдын кадырын басынганда билерсиң,
Качырганда билерсиң.
Адал жүрөк, ак ниет алсыздарга шум дүйнө,
Жан дүйнөсү бош калган наадандарга кур дүйнө.
Кадырына жеткенге катасы жок нур дүйнө,
Биз өтсөк да калар жаркып дайым жапжаш бул дүйнө,
Дайым сулуу бул дүйнө.
Жашоо – деңиз чалкыган, жарашыгы саймадай,
Мүнөт санап өмүрлөр өтүп жатат байма-бай.
Биз – кемечи калкыган, турмуш аккан дайрадай,
Орду менен сүзөлү, оң-тетири айдабай,
Бактыбызды байлабай.
Бир берилген бул өмүр бүтпөчүдөй ойлойсуң,
Болбос ишке кор кылып оюнчуктай ойнойсуң.
Шумкар болуп сызасың, жылан болуп сойлойсуң,
Миң-миң сырлуу бул өмүргө жүз жашасаң тойбойсуң,
Миң жашасаң тойбойсуң.

Бул ДүйнөLRC歌词

Бул Дүйнө歌词Мирбек АтабековБул ДүйнөLRC歌词添加中

Бул Дүйнө歌词,Бул ДүйнөLRC歌词

歌曲名:Бул Дүйнө  歌手:Мирбек Атабеков  所属专辑:《Бул Дүйнө》

作词:  作曲:  发行公司:未知  发行时间:2023-09-04

歌曲ID:2009289  分类:Бул Дүйнө  语言:  大小:4.54 MB  时长:04:58秒  比特率:129K  评分:0.0分

介绍:《Бул Дүйнө》 是 Мирбек Атабеков 演唱的歌曲,时长04分58秒,由作词,作曲,该歌曲收录在Мирбек Атабеков2023年的专辑《Бул Дүйнө》之中,如果您觉得好听的话,就把这首歌分享给您的朋友共同聆听,一起支持歌手Мирбек Атабеков吧!

◆ 本页是Бул ДүйнөБул ДүйнөБул ДүйнөLRC歌词下载页面,如果您想下载Бул Дүйнөmp3,那么就点击  Бул ДүйнөMp3免费下载

◆ 如果你想在线试听这首歌曲就点击  Бул Дүйнө在线试听

◆ 如果你想了解更多歌手Мирбек Атабеков的信息就点击  Мирбек Атабеков的所有歌曲  Мирбек Атабеков的专辑  Мирбек Атабеков的详细资料  Мирбек Атабеков的图片大全

◆ Бул Дүйнө的永久试听地址是//www.9ku.com/play/2009289.htm,请将九酷音乐网(www.9ku.com)告诉您的3个朋友,感谢您对九酷音乐网支持!

Copyright @2023 - 2025 www.9ku.com.All Rights Reserved.九酷音乐网 版权所有  备案号:黑ICP备2023008593号-1